Откон жылдын эгемендик майрамына жана жаны окуу жылына карата Ош облусунда сегиз мектеп пайдаланууга берилип, элеттиктердин, озгочо мугалимдер менен окуучулардын кубанычы чексиз эле. Билим беру тармагындагы бул ийгиликтердин шарапатына Кыргыз Окмотунун биринчи вице-премьер-министри Д.Усонов менен мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин директору И.Кадырбековдун дарегине алкыштар айтылып, алакандар кызуу чабылганын журналисттер маалымат-каражаттары аркылуу мактаганыбыз да эсибизде…
Февраль айында КРнын Президентинин туштук аймагы боюнча толук ыйгарымдуу окулу, Ош облусунун губернатору Ж.Сатыбалдиевдин жетекчилигиндеги текшеруу жумушчу тобун коштоп журуп, жаны мектептин чатырынан жамгыр отконун коруп, которо чаап мактаганыбызга журналисттер осолсуй туштук.
2006-2007-окуу жылында пайдаланууга берилген сегиз мектептин катарында Жалпакташ айыл окмотундогу К.Калмурзаев орто мектеби да бар. Тилекке каршы, жыл айланбай мектептин имаратынын кейиштуу абалы кишинин зээнин кейитет. К.Калмурзаев мектебинин курулушун буюртмачысы И.Кадырбеков жетектеген мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттиги, ал эми подрядчик «Азат-Юг» корпорациясы болуп эсептелинет. 240 орунга ылайыкташкан мектептин курулушу 8 млн. 100 мин сомго бааланып, канадалык «Панел-Сендевич» долбоору менен курулган. Минтип, торт-беш айга жетпей 8 млн. 100 мин сом акча каражаты сарпталган мектептин чатырынан тамчы агып, жыгач шиттерден жасалган дубалдары когоруп, сыры кочуп, жылуулук системасынан суюктуктар чачырап турат.
Объектини кабыл алууда эксперттик комиссия сапатсыз буткорулгон иштерди неге коз жаздымда калтырышкандыгын кесиптик иликтоого алсак, буюртмачы катары аталган агенттиктин башында И.Кадырбеков турса, мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин алдында тузулгон комиссия «Азат-Юг» корпорациясында да, агенттикке да доомат кое албашы белгилуу го. Мунун озу мыйзамга дал келбегендик эмеспи. Ушул эле райондогу 220 орундуу М.Сагынова мектеби Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 4 млн. 500 мин сомго бааланган. Натыйжада бышык кирпичтен тургузулуп, сейсмикалык жактан бекем да, сапаты жогору мектепти И.Кадырбековдун «Панел-Сендевичинин» тен жарым баасында куруп беришкен.
- 8 млн. 100 мин сом каражат жумшалган мектептин кейпи бул. Андан коро бул каражатка М.Сагынова мектебиндей эки мектепти куруп албайт белек, - деген акимдин созунун чындыгы бардай. Тоолуу аймакка «Панел-Сендевич» долбоорунун ылайыксыздыгын, бул ыкма менен курулган калган мектептердин келечек тагдырына кооптонуп жатканын губернатор да жашырбады. Ал эми айыл тургундары И.Кадырбеков башында турган агенттиктин сапатсыз ишине иренжишуу менен нааразычылыктарын «тиштерине» катып тим болушууда.
Миллиондогон акчаларга курулуп, бирок бир куздук жаанга туруштук бере албаган мектептин чатыры эрте жаздагы ак жаанга кантип туруштук берер экен? Деги кетирилген чыгымдарга ким жоопкер?
Г.Жороева, «Кыргыз Туусу».
PR