24.kg
12:17, 14 февраля 2024, 24.kg

Бишкекте жаран бир килограммдан ашык баңгизатын сатууга аракет кылган

Бишкекте баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоого шектүү жаран кармалды.Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга белгисиз адам баңгизатын таратып жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1995-жылы туулган жаран кармалды. Анда салмагы 1 килограмм 100 граммды түзгөн гашиш табылган.

Ал убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бишкектин Ленин райондук соту шектүүгө карата эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Photo 321741

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18