24.kg
11:19, 14 февраля 2024, 24.kg

«Чет элдик өкүл» мыйзам долбоору кайра иштеп чыгуу үчүн комитеттерге кайтарылды

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо үчүн комитеттерге кайтаруу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин вице-спикери Нурланбек Азыгалиев билдирди.

Анын айтымында, мындай сунуш конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Чынгыз Ажибаевден келип түшкөн.

«Биз бул мыйзам долбоорун бир нече жолу карадык. Депутаттардан сунуштар түштү. Учурда комитеттерде дагы бир жолу кылдаттык менен карап чыгуу укугубуз бар. Мыйзам долбоорунун демилгечилери да элдин оюн угат деп ойлойм», — деди Нурланбек Азыгалиев.

Добуш берүүдө 73 депутат Чынгыз Ажибаевдин сунушун колдоду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18