24.kg
10:13, 14 февраля 2024, 24.kg

Кадамжай районунда «бирдиктүү терезе» борборунун жаңы имараты ачылды

Кадамжай райондук милициясында «бирдиктүү терезе» тартибинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборунун жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, жарандарды тейлөөнүн жаңы форматы мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү системасын оптималдаштыруу, аларды жеткиликтүү кылуу, кызмат көрсөтүү мөөнөттөрүн кыскартуу жана көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу үчүн түзүлгөн.

«Кыргызстандын аймагында кылмыш жоопкерчилигине тартылып-тартылбагандыгы, соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат берүү түрүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр ыкчам түрдө Баткен облусунун тургундарын акысыз тейлейт. Бул кызмат бир күндө 100дөн 130га чейинки жарандарды кабыл алат. Кадамжай районунда жалпысынан 205 миңден ашуун калк жашайт», — деп белгиледи мекеме.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18