24.kg
13:35, 13 февраля 2024, 24.kg

Бишкекте аялын сабап, зомбулук көрсөтүп келген жаран кармалды

Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-февраль күнү А.Н. аттуу жаран жолдошуна карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Жолдошу аны сабап, зомбулук көрсөтүп келгенин билдирген.

Photo 321631

Мындан тышкары, шектүүнү райондук башкармалыктын аймактык тескөөчүлөрү бир нече жолу эскертишкен. Жабырлануучуга коргоо ордери берилип, административдик чаралар көрүлгөнүндүгүнө карабастан жубайына карата зомбулук көрсөтүүнү уланткан.

Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесине ылайык (Уруп-сабап кыйноо) кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1985-жылы туулган Б.А. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18