24.kg
09:37, 13 февраля 2024, 24.kg

БАЭнин президенти расмий сапар менен Кыргызстанга келет

Президент Садыр Жапаров Дубай шаарында өткөрүлүп жаткан Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүү, дипломатиялык, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, биргелешкен инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашыруу маселелерине токтолуп, мамлекет башчысы «Masdar» компаниясы тарабынан күн электр станциясынын курулушуна өзгөчө маани берилерин айтып, Кыргызстан аталган долбоордун алкагында өз милдеттенмелерин өз убагында аткарарын белгиледи.

Президент ошондой эле БАЭнин президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайянды Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырганын эске салды. Ал бул сапар өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө түрткү берерине ишенимин билдирди.

Мындан тышкары, ал жакын арада Бишкекте БАЭнин элчилигин ачуу пландалып жатканын белгиледи.

Энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруи быйыл Кыргызстанга БАЭнин соода миссиясы келерин, ага соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө үчүн ири эмираттык компаниялардын өкүлдөрү кирерин кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18