24.kg
12:30, 12 февраля 2024, 24.kg

Ошто кезектеги таштанды ылгоочу аянтча ишке кирди

«Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасы Кулатов кичи районунда жалпы аянты 105 чарчы метрди түзгөн тиричилик таштандыларын ылгоочу бешинчи аянтчаны ишке киргизди. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

«Шаар аймагы боюнча быйыл жалпысынан 10 таштанды ылгоочу аянтчалар курулат. Долбоор «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан өз эсебинен ишке ашырылып, шаардын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган», — деп айтылат маалыматта.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов мындай аянтчалар шаардын бардык аймактарында курулаарын билдирди.

Мэриянын маалыматы боюнча, буга чейин Г.Айтиев, Е.Алиев, А.Пушкин, Алай, Ленин көчөлөрүнүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанында таштанды ылгоочу аянтчалар курулуп, пайдаланууга берилген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18