24.kg
17:18, 09 февраля 2024, 24.kg

Былтыр Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын саны 13 миңден ашкан

Кыргызстанда 2023-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын саны 13 миңден ашкан. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева "«Гендердик зомбулуктан жапа чеккендерге натыйжалуу жардам көрсөтүү үчүн ресурстарды мобилизациялоо» улуттук форумунда айтты.

«Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын саны 13 миң 104 адамды түздү. Алардын ичинен жабыркагандардын 95 пайызы аялдар», — деди Жаңыл Алыбаева.

Ал жабыркагандардын санынын көбөйүшү кооптондурарын, бирок ошондой эле коомдо үй-бүлөлүк зомбулук фактылары катталып, иликтенип жатат деген үмүт бар экенин белгиледи.

Республикада үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга жана кыздарга жардам көрсөтүү боюнча 18 кризистик борбор иштейт. Министрлик жыл сайын аларга мамлекеттик социалдык заказдын алкагында колдоо көрсөтүп келет.

«Эгерде 2019-2023 -жылдар аралыгында борборлорду каржылоо көлөмү 5,4 миллион сомдон 7 миллион сомго чейин көбөйтүлгөн болсо, үстүбүздөгү жылы каржылоо көлөмү 12 миллион сомго чейин көбөйтүлгөн», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18