24.kg
12:47, 09 февраля 2024, 24.kg

Блогер Батмакан Жолболдуева опузалап акча талап кылууга шектелүүдө

Блогер Батмакан Жолболдуева опузалап акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, шектүү Жалал-Абад шаарындагы коомдук тамактануу жайларынын бирине барып, ал жер санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербегендиги үчүн видеого тарткандыгы аныкталган.

«Андан кийин материалдык пайда алуу максатында, Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Жалал-Абаддагы коомдук тамактануу жайларын тейлеген кызматкери тууралуу маалымат чогултуп, мурда тартылган видео тасманы өзүнүн Facebook социалдык баракчасына жарыялап, талапка жооп бербеген тамактануу жайын «калкалап» жатат деген таризде шилтеме калтырган. Интернетке жүктөлгөн материалды алып өчүрүп салуу үчүн департаменттин кызматкеринен 25 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка караганда, Ж.Б.Т. 25 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Эскерте кетсек, Батмакан Жолболдуева буга чейин баткендик журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18