24.kg
12:32, 09 февраля 2024, 24.kg

Мамкурулуш: Кыргызстан боюнча 200дөн ашык мыйзамсыз курулуштар аныкталды

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө мыйзамсыз курулган 224 объект аныкталган. Бул тууралуу «Ата Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.

Анын айтымында, 77 объект бул турак үйлөр. Алардын ичинен Бишкекте 38,  Ошто 17,  Ош облусунда 6, Жалал-Абадда 7, Чүй облусунда 8, Нарында 1 мыйзамсыз курулган турай үй аныкталган.

Мамкурулуштун башчысы 2023-жылы 1 миң 49 эреже бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, 38 миллион 504 миң сом айып пул жазылып, анын 21 миллиону өндүрүлгөнүн белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18