24.kg
09:32, 09 февраля 2024, 24.kg

Улуттук олимпиаданын биринчи этабына 42 миңден ашык окуучу катышты

Онлайн режимде өткөн математика, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча Улуттук олимпиаданын биринчи этабына 42 миң 997 окуучу катышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

  • Биология боюнча олимпиаданын биринчи этабынын жыйынтыгы боюнча 7 миң 633 катышуучудан 3 миң 583 адам,
  • информатика боюнча 4 миң 351 катышуучудан 331 адам,
  • математика боюнча 12 миң 972 катышуучудан 6 миң 458 адам,
  • физика боюнча 10 миң 818 катышуучудан 5 миң 250 адам,
  • химия боюнча 7 миң 223 катышуудан 4 миң 31 адам экинчи этапка өттү.

Белгилей кетсек, олимпиаданын экинчи этабы дагы онлайн режиминде өтөт.

«Улуттук олимпиада эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн Кыргызстандын командасын түзүү жана даярдоо максатында өткөрүлүүдө», — деп белгиледи министрлик.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18