24.kg
16:25, 08 февраля 2024, 24.kg

Футбол союзунун президенттигине Камчыбек Ташиевдин гана талапкерлиги көрсөтүлдү

Кыргыз футбол союзунун президенттик кызматына бир гана талапкер көрсөтүлдү, ал УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Бул тууралуу КФС социалдык тармактарда билдирди.

Кечээ шайлоо комитетинин жыйыны болуп, анда КФСтин президенти, биринчи вице-президенти, вице-президенти жана аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө болгон шайлануучу кызмат орундарына талапкерлердин баштапкы тизмеси каралып, бекитилди.

Кыргыз футболдук союзунун президенттик кызматына бир гана талапкер — Камчыбек Ташиев көрсөтүлдү. Аталган талапкерди «Талант» футболдук клубу сунуштады.

19-февралда КФСтин кезексиз конгрессинде жетекчиликтин жаңы курамы шайланат.

Эскерте кетсек, союздун президенти Медербек Сыдыков 29-январда отставкага кеткен. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде Камчыбек Ташиевге Кыргыз футбол союзун жетектөөнү сунуш кылганын айткан. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18