24.kg
10:25, 08 февраля 2024, 24.kg

Караколдо үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран кармалды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жарандык аялына зомбулук көрсөткөн адам кармалды. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Кең-Суу айылынын 35 жаштагы тургуну кайрылган. Өзүнүн арызында ал жарандык күйөөсү сабап, денесине залал келтиргенин билдирген.

Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин (Уруп-сабап кыйноо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жабырлануучунун айтымында, жарандык күйөөсү менен бирге жашагандан бери алты жолу үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган.

«Учурда туугандарынын үйүндө жашап жатканын жана жарандык күйөөсүнөн коркуп жатканын кошумчалады. Шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Шаардык соттун чечими менен кылмыш ишин тергөө учурунда ага карата бир айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18