24.kg
15:48, 07 февраля 2024, 24.kg

ЖЭБдеги авария. Имараттын чатырын жабуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Бишкек жылуулук электр борборундагы авариянын кесепеттерин жоюуга жалпы 712 адам, 26 техника тартылды. Бул тууралуу республикалык медиаштаб билдирди.

ЖЭБдин айланасын курулуш материалынын калдыктарынан тазалоо иши дээрлик аяктоо алдында турат. Учурда тартылган жумушчу топтун күчү ЖЭБдин чатырын жабууга жумшалууда.

«Кызматкерлерге жумушту баштоо алдында коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча нускамалар берилип, ысык тамак менен камсыз болууда. Ошондой эле жеринде жылынуу үчүн 4 чатыр тигилген», — деп айтылат маалыматта.

2-февралда түнкүсүн Бишкек жылуулук электр борборунда авария болгон. Жарылууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Беш адам жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылып, экөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Борбор калаадагы мектептер жана бала бакчалар онлайн окутууга которулду. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18