24.kg
11:28, 07 февраля 2024, 24.kg

ЖЭБдеги авария. Бардык абоненттер жылытуу жана ысык суу системасына кошулду

Бардык абоненттер жылытуу жана ысык суу системасына кошулду. Бул тууралуу «Бишкек жылуулук тармагынын» директору Уран Раимбеков билдирди.

«Бардык турак үйлөргө жылуулук берилди. Ошондой эле 63 саламаттык сактоо мекемелери, анын ичинде бардык төрөт үйлөр, 84 бала бакча жана 54 мектеп жылытуу системасына кошулду. Бардык социалдык объекттер жана 59 ири объект жылуулук жана ысык суу менен камсыздалды. Азыркы учурда система Бишкек шаарынын ЖЭБи тарабынан берилген факты боюнча параметрлерге ылайык иштеп жатат», — деди Уран Раимбеков.

2-февралда түнкүсүн Бишкек жылуулук электр борборунда авария болгон. Жарылууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Беш адам жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылып, экөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Борбор калаадагы мектептер жана бала бакчалар онлайн окутууга которулду. 2-февралда кечке жуук Бишкекте жылуулук жана ысык суу берүү жарым-жартылай калыбына келтирилген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18