Кыргызстанда бир суткада алты өрт кырсыгы катталды
Өткөн сутка ичинде Кыргызстандын аймагында алты өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Чүй, Нарын, Баткен облустарында бирден, Ысык-Көл облусунда үч өрт чыкты.
Өрттү өчүрүүгө сегиз күжүрмөн эсеп тартылды.