24.kg
10:14, 07 февраля 2024, 24.kg

Робототехника боюнча мектеп окуучуларынын Stem first улуттук олимпиадасы өттү

Робототехника боюнча мектеп окуучуларынын «Stem first» биринчи улуттук олимпиадасы өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган олимпиадага 6 жаштан 16 жашка чейинки 160 окуучу катышты. 6 жаштан 10 жашка чейинки окуучулар FIRST LEGO League Explore категориясы, 10 жаштан 16 жашка чейинкилер FIRST LEGO League Challenge категориясы боюнча ат салышты.

Олимпиаданын жүрүшүндө кызыктуу робот мелдештери жана көрсөтмө оюндар өткөрүлүп, ар түрдүү категориядагы командалар инновациялык долбоорлорду презентациялашты жана коргошту.

«Олимпиаданын негизги максаты — технологиялык жана инновациялык сабаттуулукту өркүндөтүү, сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү, окуучулардын программалоо көндүмдөрүн жана чыгармачылыгын өнүктүрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасында STEM мектеп жамаатын түзүү», — деп айтылат маалыматта.

Photo 321026

Белгилей кетсек, олимпиада Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Европа Биримдигинин жана «Маариф» билим берүү комплексинин колдоосу менен уюштурулду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18