24.kg
14:36, 06 февраля 2024, 24.kg

Садыр Жапаров УКМК академиясын түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун базасында генерал-лейтенант Анарбек Бакаев атындагы УКМК академиясы түзүлөт. Тиешелүү жарлыкка Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2024-жылдын 30-январында кол койгон.

Документ «Эркин-Тоо» гезитине 2-февралда жарыяланган.

Жарлыкта УКМК академиясын түзүү тууралуу чечим улуттук коопсуздук органдары үчүн жогорку квалификациялуу адистерди, башкаруучу жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун бирдиктүү системасын түзүү, Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча илимий-изилдөө базасын кеңейтүү үчүн кабыл алынганы белгиленген.

УКМК академияны каттоодон өткөрүп, анын уставын бекитүүгө тийиш.

Эске салсак, УКМК академиясынын имаратынын пайдубалына мезгил кутусу 2022-жылдын март айында салынган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18