24.kg
13:21, 06 февраля 2024, 24.kg

Кыргызстанда бир жумада COVID-19дун беш учуру катталды

Кыргызстанда 29-январдан 4-февралга чейин COVID-19дун беш учуру катталган. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, Бишкек жана Ош шаарларында, Ысык-Көл облусунда бир учур катталса, дагы эки учур Ош облусунда катталган.

Коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу деп бааланууда.

Ушул эле убакыт аралыгында сасык тумоонун 7 миң 266 учуру катталды. Өткөн жумага салыштырмалуу оору 10,1 пайызга азайган.

Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда ооругандардын саны жогору болууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18