24.kg
11:22, 06 февраля 2024, 24.kg

CAFA чемпионаты: Кыргызстандын футзал боюнча курамасы Тажикстанды утуп алды

Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Душанбеде өтүп жаткан Борбор Азия футбол ассоциациясынын чемпионатында экинчи жеңишине жетти. Бул тууралуу Улуттук курама команданын Instagram баракчасына жарыяланды.

Тажикстандын командасы менен болгон беттеш 4:2 эсеби менен аяктады.

Кенжебүбү Ырысбек кызы эки гол, ал эми Нурсулуу Мурзакулова менен Мадина Рыспекова бирден гол киргизишти.

Эске салсак, биринчи турда кыргызстандык кыздар Түркмөнстандын курама командасын утуп алган.

Кыргызстандын командасынан тышкары тегерек система боюнча Тажикстан, Иран, Өзбекстан жана Түркмөнстандын курама командалары күч сынашат.

7-февралда Кыргызстандын курама командасы Иран командасына каршы ойнойт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18