24.kg
10:37, 06 февраля 2024, 24.kg

Жумушсуз жаштарды иш менен камсыз кылуунун жаңы механизми киргизилет

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги быйыл жумушсуз жаштарды иш менен камсыз кылуунун жаңы механизмин киргизет. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жаштардын стажировкасы жаңы механизм болуп, анда аларга жашоо минимумунун өлчөмүндө эмгек акы төлөнөт.

Практика жүзүндө кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү бекемдөөгө, алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүүгө, адистердин насаатчылыгы астында турмуштук көндүмдөргө ээ болууга мүмкүндүк берет.

«Мындан тышкары, зарыл болгон учурда алгачкы этапта жумушсуз жаш жарандар эмгек рыногунда талап кылынган адистиктер боюнча кыска мөөнөттүү кесиптик окуулардан өтө алышат жана окуу учурунда стипендия төлөнөт. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы 100 окуу жайда суроо-талапка ээ болгон 125 кесип боюнча кыска мөөнөттүү окутуу уюштурулган. Өткөн жылдардын тажрыйбасы көрсөтүп тургандай, кесиптик окуу жайларын аяктагандардын 68 пайызга чейини жумуш менен камсыз болгон», — деп билдирди мекеме.

Иш менен камсыз кылуу боюнча жаңы чара Дүйнөлүк банктын «Социалдык камсыздоо жана эмгек рыногунун программаларын чыңдоо» долбоорунун алкагында жаштардын көндүмдөрүн өнүктүрүү жана ишке орноштуруу максатында ишке ашырылат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18