24.kg
09:48, 06 февраля 2024, 24.kg

Колледждер жана лицейлер үчүн 695 миң долларга компьютердик техника алынат

2024-жылы 34 башталгыч жана орто кесиптик билим берүү мекемелерин жана Республикалык илимий методикалык борборду 695 миң 142 долларга компьютердик техника менен камсыз кылат.

Маалыматка ылайык, бул Азия өнүктүрүү банкынын колдоосунда ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында жүргүзүлөт.

«20 билим берүү мекемесинде компьютердик класс жана конференц зал, 7 кесиптик лицейде компьютердик класс толугу менен заманбап техника менен жабдылат. Ал эми сегиз алдыңкы тажрыйба борборуна жарым өнөр жай 3D-принтер сатып алынат жана аталган окуу жайлардын окутуучулары үчүн жаңы жабдууларды колдонуу боюнча окутуу уюштурулат», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18