24.kg
13:33, 05 февраля 2024, 24.kg

ЖЭБдеги авария. Кыргызстанга Түркмөнстандан гуманитардык жардам келди

Кыргызстанга Түркмөнстандан гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Шопоков темир жол станциясына Түркмөнстандан 2 миң тонна суюлтулган газ (57 вагон-цистерна) түрүндөгү гуманитардык жардам келди. Аталган жардам Бишкек шаарындагы ТЭЦтеги аварияга байланыштуу түркмөн тарабынан жиберилген.

«Белгилей кетсек, бул жардам Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун тапшырмасы менен жана Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында келген», — деп белгиледи мекеме.

2-февралда түнкүсүн Бишкек жылуулук электр борборунда авария болгон. Жарылууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Беш адам жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылып, экөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Борбор калаадагы мектептер жана бала бакчалар онлайн окутууга которулду. 2-февралда кечке жуук Бишкекте жылуулук жана ысык суу берүү жарым-жартылай калыбына келтирилген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18