24.kg
17:39, 02 февраля 2024, 24.kg

ЖЭБдеги авария. Карылар үйүнүн кызмат алуучулары Нижне-Серафимовкага которулат

Бишкектеги карылар үйүнүн айрым кызмат алуучулары Нижне-Серафимовкадагы жатак үйүнө которулат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн Нижне-Серафимовкада убактылуу кошумча 30 орун уюштурулду.

«Бул иш-чара бүгүн ЖЭБде болгон аварияга байланыштуу Бишкек шаардык карылар жатак үйүнүн кызмат алуучуларынын бир бөлүгүн убактылуу жайгаштыруу максатында ишке ашырылды», — деп айтылат маалыматта.

Социалдык кызматкерлер Бишкектин бардык жалгыз бой улгайган жарандарын текшеришти. Жалпысынан борбор калаада үйүндө социалдык кызматкердин кызматын алган 573 адам бар. Бул жалгыз бой улгайган жарандар, мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана жалгыз бой кары жубайлар.

«Алардын ичинен 370 кызмат алуучу борборлоштурулган жылытууга кошулган үйлөрдө жашайт. Калгандарында газ, электр же меш менен жылытуу бар», — деп билдирди министрлик.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18