24.kg
15:35, 02 февраля 2024, 24.kg

Аламүдүн районундагы айланма жолдон жаңы төрөлгөн баланын сөөгү табылды

Аламүдүн районунда Алма-Ата көчөсү менен айланма жолдун кесилишинде жаңы төрөлгөн баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, факт Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.

«Ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында наристенин апасы аныкталды, ал Бишкек шаарында жашаган 20 жаштагы жаран. Ал 7 айлык эркек баланы жансыз абалда төрөгөн. Эмне кыларын билбей, баланын сөөгүн күрөң кутучага салып, «Эне-Сай» жаңы конушунун аймагындагы талаага таштаганын билдирген», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18