24.kg
15:12, 02 февраля 2024, 24.kg

БШК депутат Эмил Жамгырчиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн БШКнын жыйынында белгилүү болду.

Боршайкомдун шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Төлөгөн Айтикеевдин айтымында, эл өкүлүнөн өз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу арыз келип түшкөн. Мунун негизинде тиешелүү чечим кабыл алынган.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевди УКМКнын тергөө абагына 26-февралга чейин камакка алынган. Буга чейин депутаттык комиссия Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Эл өкүлү УКМКга келип, шектүү катары суракка алынып, тергөө органдарына келүүгө милдеттендирилип, кое берилген. Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «аны камабай турганын» билдирген. Тергөөнүн версиясы боюнча, депутаттын Кыргызстандан кетүүгө аракет кылганы камакка алынышына себеп болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18