24.kg
14:27, 02 февраля 2024, 24.kg

ЖЭБдеги авария. Президент калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты

Photo 320666

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы жылуулук электр борборун калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

ЖЭБдин ишин тез арада калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис тапшырмалар берилди. Бардык тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

Бүгүн түндө Бишкек жылуулук борборунда авария болгону кабарланган. Алдын ала маалыматтарга караганда, от казандардын бири жарылган. Азырынча жарылууга эмне себеп болгону белгисиз. Беш адам жабыркап, үчөөсү ооруканага жаткырылды. Борбор калаадагы мектептер менен бала бакчалар онлайн окутууга өтүштү. Президент кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды.

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18