24.kg
14:09, 02 февраля 2024, 24.kg

Орусия ЖЭБдеги авариянын кесепеттерин жоюуда Кыргызстанга жардам берүүгө даяр

Бишкек ЖЭБиндеги авариянын кесепеттерин жоюуда Орусия Кыргызстанга жардам берүүгө даяр экенин Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.

«Кырдаал жакын арада чечилет деп ишенебиз. Россия бул кырсыкты жоюуга ар дайым жардам берүүгө даяр», — деди Михаил Мишустин Digital Almaty 2024 эл аралык санариптик форумунун пленардык сессиясында.

Бүгүн түндө Бишкек жылуулук борборунда авария болгону маалымдалды. Алдын ала маалыматтарга караганда, от казандардын бири жарылган. Азырынча жарылууга эмне себеп болгону белгисиз. Беш адам жабыркап, үчөөсү ооруканага жаткырылды. Борбор калаадагы мектептер менен бала бакчалар онлайн окутууга өтүштү. Президент кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды.

 

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18