24.kg
12:55, 02 февраля 2024, 24.kg

ЖЭБдеги авария. Бишкектин тургундарынын 66 пайызында ысык суу жок

Бүгүнкү күндө Бишкектин тургундарынын 66 пайызы жылуулукка жана ысык сууга киргизилген чектөөлөргө дуушар болушту. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев билдирди.

Анын айтымында, бул кырдаал Бишкек жылуулук тармагы тейлеген 2 миң 493 көп кабаттуу үй жана 138 миң абонентке тиешелүү.

«60 миң батирге жылуулук берүү төмөндөтүлдү. 449 үйдү жылуулук жана суу менен камсыз кылган Бишкек жылуулук энергонун абоненттерине чектөөлөр киргизилген жок», — деди Жыргалбек Шамыралиев.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18