24.kg
11:16, 02 февраля 2024, 24.kg

ЖЭБдеги авария. Бишкекте түнкүсүн — 9 градуска чейин суук болушу күтүлөт

Бүгүн Бишкекте кар жаашы күтүлөт. Гидрометеорология кызматынын маалыматы боюнча батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Күндүз абанын температурасы −2 ... — 4 болот. Түнкүсүн −7... — 9 градуска чейин жетет.

Буга чейин Бишкек жылуулук электр борборунда түндө жарылуу болгону кабарланган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жылытуучу казандардын бири жарылган. Жарылууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Беш адам жабыркап, үчөөсү ооруканага жаткырылды. Борбор калаадагы мектептер жана бала бакчалар онлайн окутууга которулду. Президент кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18