24.kg
10:55, 02 февраля 2024, 24.kg

ЖЭБдеги авария болжол менен 14-от казанда болгон

Болжол менен авария Бишкек ЖЭБинин 14-от казанда болгон. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов бүгүн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда кырсыктын так себебин аныктоо үчүн жылуулук электр борборунда атайын комиссия иштеп жатат.

«ЖЭБдеги жабдуулардын бир бөлүгүнүн иши токтотулду. Жылуулук режимин камсыз кылуу максатында айрым объекттерге ысык суу берүүгө чектөө киргизилди», — деди Насипбек Керимов.

Буга чейин Бишкек жылуулук электр борборунда түндө жарылуу болгону кабарланган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жылытуучу казандардын бири жарылган. Жарылууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Беш адам жабыркап, үчөөсү ооруканага жаткырылды. Борбор калаадагы мектептер жана бала бакчалар онлайн окутууга которулду. Президент кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18