24.kg
10:04, 02 февраля 2024, 24.kg

ЖЭБдеги авария. Президент кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды

Өлкө президентине Бишкек жылуулук электр борборундагы авария тууралуу маалымат берилди.

«Ооба, президент Садыр Жапаровго борбор калаадагы ЖЭБдеги авариялык абал тууралуу маалымат берилди», — деди 24.kg басылмасына өлкө башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов.

Анын айтымында, Садыр Жапаров кырдаалдын кесепеттерин кыска мөөнөттө жоюуну тапшырды. Жеринде министрлер кабинетинин жана тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жүрөт. Президент кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды.

Буга чейин Бишкек жылуулук электр борборунда түндө жарылуу болгону кабарланган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жылытуучу казандардын бири жарылган. Жарылууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Беш адам жабыркап, үчөөсү ооруканага жаткырылды. Борбор калаадагы мектептер жана бала бакчалар онлайн окутууга которулду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18