24.kg
09:58, 02 февраля 2024, 24.kg

ЖЭБдеги авария. Өрттү өчүрүүгө алты күжүрмөн эсеп тартылды

Жылуулук электр борборундагы жарылуудан чыккан өрттү өчүрүүгө алты күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы тууралуу маалымат түшкөндөн кийин саат 3:06да алты күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.

«Тилсиз жоо саат 04:55те чектөөгө алынып, саат 05:05те толук өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен ЖЭБдин үч кызматкери жабыркап, алар тез жардам кызматы менен шаардык ооруканага жеткирилген» — деп билдирди министрлик.

Буга чейин Бишкек жылуулук электр борборунда түндө жарылуу болгону кабарланган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жылытуучу казандардын бири жарылган. Жарылууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Беш адам жабыркап, үчөөсү ооруканага жаткырылды. Борбор калаадагы мектептер жана бала бакчалар онлайн окутууга которулду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18