24.kg
16:15, 01 февраля 2024, 24.kg

1 миңден ашык унааны мыйзамсыз легалдаштыруу фактысы аныкталды

Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгы «Унаа» мамлекеттик мекемесинде транспорт каражаттарын мыйзамсыз легалдаштыруу боюнча болжолдуу фактыларды аныктады. Бул жөнүндө мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында ЕАЭБге мүчө мамлекеттеринен (Россия Федерациясы, Беларусь, Армения, Казакстан) жасалма мамлекеттик номурлар жана транспорт каражаттарынын каттоо күбөлүктөрү менен импорттолгон 15 миң 448 автоунаа аныкталды.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө 15 миң 448 автоунаанын ичинен 1 миңден ашыгына ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин каттоо органдарынан бажы операцияларынын жана аларды алгачкы каттоонун жоктугу жөнүндө ырастоолор алынган. Калган унаалар боюнча ЕАЭБ мамлекеттеринин бажы кызматтарынан жооптор күтүлүүдө. Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат. Бул фактынын негизинде УКМК тарабынан кылмыш иши козголду», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18