24.kg
15:47, 01 февраля 2024, 24.kg

11 журналисттин кармалышы. Шаардык сот экөөнүн аппеляциялык арызын карады

Бишкек шаардык сотунда кармалган журналисттер Айке Бейшекеева менен Жумабек Турдалиевдин адвокаттарынын арызы каралды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.

Эки журналисттин кармалышынын мыйзамдуулугу жана Айке Бейшекееванын бөгөт чарасын өзгөртүү каралды.

«Сот коллегиясы жогоруда аталган айыпталуучуларга карата биринчи инстанциянын токтомдорун өзгөртүүсүз калтырды, апелляциялык даттануулар канааттандырылган жок», — деп билдиришти соттон.

Камактагы бака журналситтердин иши боюнча жыйындар эртең жана 5-февралда өтөрү белгилүү болду.

Эске салсак, 16-январда Temirov Live долбооунун кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, редакциялык жабдыктар алынган. Милиция үйлөрүн тинтип, басылманын учурдагы жана мурдагы 11 кызматкерин камакка алган.

ИИМ Temirov Live жана «Айт Айт Десе» социалдык баракчаларындагы материалдарга жасалган соттук-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгында аларга каршы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү «Массалык башаламандыкка чакырыктар» боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. 

Махабат Тажибек кызы, Сапар Акунбеков, Азамат Ишенбеков, Сайпидин Султаналиев, Актилек Капаров, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу, Жоодар Бузумов, Жумабек Турдалиев, Айке Бейшекеева жана Акыл Орозбеков кармалып, 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына эки айга камакка алынган. Алардын баары Temirov Live долбоорунун мурдагы же учурдагы кызматкерлери.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18