24.kg
13:14, 01 февраля 2024, 24.kg

Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин унаасы жол кырсыгына кабылды

Бишкекте Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин унаасы жол кырсыгына кабылды. Маалыматты ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тастыктады.

Маалыматка караганда, кырсык Манас проспектисинде, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин жанында болгон. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматтык унаасы Hyundai Sonata менен кагылышкан.

Photo 320494

«Окуя болгон жерде милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери иштеп жатышат. Жол кырсыгынын себептери аныкталууда», — деп билдирди ЖКККББ.

Окуя жеринде КЭРдин Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь да бар экени белгиленет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18