24.kg
10:53, 01 февраля 2024, 24.kg

«Каракол» лыжа базасынын жанындагы жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу тарабынан мыйзамсыз түрдө алынган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдриди.

«Каракол» лыжа базасынын жанындагы престиждүү аймакта жайгашкан, базар баасы болжол менен 10 миллион сомго барабар болгон 2 гектар жер тилкеси «Каракол» мамлекеттик жаратылыш паркынын балансына кайтарылды.

«Аталган жер участогуна лыжа туристтик базасын куруу пландаштырышкан, бул уюшкан кылмыштуу топко олуттуу суммадагы каражат алып келмек», — деп белгиледи УКМК.

Photo 320464

Мекеме Камчы Көлбаевдин жана анын кылмыштуу тобунун мүлкүн издөө жана мамлекетке кайтаруу боюнча активдүү ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18