24.kg
10:33, 01 февраля 2024, 24.kg

Бейбаштыкка шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бейбаштыкка шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 21-ноябрында Т. Т. аттуу жаран борбор калаанын 5-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда себепсиз У.А. аттуу жарандын денесине залал келтирип, изин жашырып кеткен.

Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду.

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган, 1992-жылы туулган Т.Т. кармалды. Ал убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу боюнча жабырлануучунун ден соолугуна жеңил зыян келтирилген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18