24.kg
14:15, 31 января 2024, 24.kg

Көлбаевдин жок кылынышы. Башкы прокурор атайын операция боюнча комментарий берди

Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн маалымат жыйынында кримтөбөл Камчы Көлбаев жок кылынган УКМКнын атайын операциясы тууралуу комментарий берди.

Анын айтымында, Камчы Көлбаевди кармоо учурунда эч кандай мыйзам бузуулар аныкталган эмес.

«Биз окуя болгон жерге аскер прокурору менен барганбыз. Биз барган учурда Камчы Көлбаев жок кылынган болчу. Ал кармоо учурунда каршылык көрсөткөн. Андан кийин анан атышуу болгон», — деди Курманкул Зулушев.

Ал президенттин тапшырмасы менен Башкы прокуратура ишти көзөмөлгө алганын белгиледи. Уюшкан кылмыштуу топтун лидерин кармоонун мыйзамдуулугу каралган.

«Камчы Көлбаевди кармоо жана жок кылуу учурунда УКМК кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуу фактылары аныкталган жок», — деп жыйынтыктады башкы прокурор.

Эске салсак, 4-октябрда Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө Камчы Көлбаев жок кылынган. УКМКнын басма сөз борбору уюшкан кылмыштуу топтун лидерин кармоо жүргүзүлүп, куралдуу каршылык көрсөткөндөн кийин өлтүрүлгөнүн билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18