24.kg
13:10, 31 января 2024, 24.kg

2023-жылы өлкө бюджетине 12,2 миллиард сом кайтарылды — башкы прокурор

2023-жылы коррупция менен күрөшүү жана бюджеттик каражаттарды коротуу фактыларын текшерүүнүн жүрүшүндө мамлекетке 12,2 миллиард сом кайтарылган. Бул тууралуу Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы 7,9 миң текшерүү жүргүзүлүп, 10,5 миң акт түзүлүп, 539 кылмыш иши козголгон.

Көзөмөл органынын башчысы ошондой эле коррупциялык жана кызматтык кылмыштар боюнча 1 миң 116 иш козголгонун маалымдады.

Прокуратура органдары тарабынан 506, УКМК 385 жана ИИМ тарабынан 228 иш тергелген.

Такталган зыяндын суммасы 5 миллиард 202 миллион сомду түзүп, 3 миллиард 44 миллион 370 миң сом өндүрүлгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18