24.kg
10:53, 31 января 2024, 24.kg

Калкты каттоо. Статистика комитети мигранттардын саны боюнча маалымат берди

Калкты каттоо учурунда 1 миллион 94,5 миң адам туруктуу жашаган жеринде убактылуу жок болгон (эмгек мигранттары). Мындай маалыматтар Улуттук статистика комитети сунуштаган «Кыргыз Республикасынын калкынын миграциясы» басылмасында камтылган.

Каттоо учурунда Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 6 миллион 936,2 миң адамды түзгөн. Алардын ичинен эмгекке жарамдуу курактагы (16-62 жаштагы эркектер жана 16-57 жаштагы аялдар) 3 миллион 936 миң адам болгон.

Бул эмгек мигранттары өлкөнүн туруктуу калкынын жалпы санынын 16 пайызын жана эмгекке жарамдуу курактагы калктын 28 пайызын түзөрүн билдирет.

«Убактылуу жок болгондордун эң көп саны Баткен, Жалал-Абад жана Талас облустарында белгиленген (жалпы санга карата 20 пайыздан ашыгы, эмгекке жарамдуу курактагы калктын санына карата 40 жана андан көп пайызы)», — деп белгиледи Статистика комитети.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18