24.kg
16:31, 30 января 2024, 24.kg

Бишкектин биринчи классынын окуучулары качан эс алууга чыгары белгилүү болду

Борбор калаанын биринчи классынын окуучулары 12-февралдан 17-февралга чейин каникулга чыгат. Бул жөнүндө мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуу процесси 19-февралда башталат.

«Биринчи класстын окуучулары үчүн кошумча каникулдар Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 16-августундагы № 4882/1 буйругунун негизинде Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаменти тарабынан белгиленген», — деп билдирди мекеме.

Белгилей кетсек, биринчи класстын окуучуларына балдардын жашын эске алуу менен үчүнчү чейректе бир жумалык кошумча эс алуу берилет. Билим берүү министрлиги өлкө боюнча мектептер үчүн каникулдун бирдиктүү датасы жок экенин билдирди. 15-январдан 21-мартка чейин ар бир региондогу аба ырайына, эпидемиологиялык кырдаалга жараша райондук, шаардык билим берүү башкармалыктары тарабынан дайындалат.

Бардык окуучулар үчүн жазгы каникул 21-31-мартка белгиленген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18