24.kg
15:38, 30 января 2024, 24.kg

Балыкчыдагы жол кырсыгы. Кыздын атасы эмне үчүн айдоочуну кечиргенин айтты

26-январда Балыкчы шаарындагы жол кырсыгынан жабыркаган кыздын үй-бүлөсү айдоочуну кечирүүнү чечкен. Бул жөнүндө 24.kg басылмасына жабырлануучунун атасы Максатбек Байгазиев билдирди.

Анын айтымында, ал кармалган ага-ини милиционерлерге карата эч кандай дооматы жок экенин айтып, тосмо арыз жазган.

«Кудай кечиримдүү. Биз да ошондой болушубуз керек. Бири-бирибизди кечирүүнү чечтик. Тосмо арыз жаздым», — деди ал.

Максатбек Байгазиев ага кармалган жарандардын улгайган ата-энеси кайрылганын кошумчалады. Алар кыздын дарылануусун төлөп, 18 жашка чыкканга чейин кам көрүүгө убада беришкен.

«Алардын улгайган ата-энеси бар. Алар кечирим сурашты. Менин оюмча, айдоочу деле кызымды атайлап сүзгөн жок. Азыр бири-бирибизди сотко берүүнүн эч кандай мааниси жок. Эч кимдин мындай жагдайга туш болуусун каалабайм», — деди жабырлануучунун атасы.

Анын айтымында, 12 жаштагы Фатима азыр өзүн жакшы сезип жатат.

Эске салсак, Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматтык автоунаасы менен жашы жете элек кызды коюп кеткен резонанстуу жол кырсыгын иликтөө уланууда. Кылмышка шектүү катары Балыкчы шаардык милициясынын мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев (жол кырсыгынан кийин иштен алынган) жана анын Ысык-Көл райондук милициясында аймактык тескөөчү болуп иштеген иниси Бекзат Казаков кармалган.

Айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен. Кыздын атасы унаанын рулунда Балыкчы шаардык милициясынын башчысы Бектур Осмонбаев болгонун айткан. Кийинчерээк атасы дооматтарынан баш тартып, арызын кайтарып алган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18