24.kg
14:09, 30 января 2024, 24.kg

Ошто унаа сатып алып, акчасын толук төлөбөй качып кеткен жаран кармалды

Ошто ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген, бир нече соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын августунда Баткен облусунун тургуну Ош шаарындагы базарга Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаасын сатуу үчүн барган. Бир бейтаныш жигит автоунаасын ага сатууга көндүргөн.

Унаа 1 миллион 700 миң сомго бааланган. Сатып алуучу алдамчылык жолу менен анын ишеничине кирип, унааны ээлеп алган. Арыздануучуга 20 миң сом акча каражатын берип, калган акча каражатын жакын арада төлөп берем деп, изин белгисиз тарапка жашырып кеткен.

Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголгон.

2024-жылдын 27-январында Баткен облусунун С.С. аттуу тургуну кармалды. Ал мурда ден соолукка оор залал келтирүү, бейбаштык жана алдамчылык боюнча бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, соттун чечими менен камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.

Азыркы учурда тергөө амалдары уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18