24.kg
12:56, 30 января 2024, 24.kg

Кыргызстанда дагы бир жер титирөө катталды

Кыргызстанда 30-январда саат 10:51де күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында Ак-Төр тоо кыркаларында, Кара-Кыр айылынан 15 чакырым түндүк-чыгышта, Нурдаш айылынан 21 чакырым түштүк-батышта жана Сопу-Коргон айылынан 25 чакырым түндүк-батышта жайгашкан.

Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн интенсивдүүлүгү Кара-Кыр, Нурдаш, Сопу-Коргон айылдарында 3 баллга жетти.

Буга чейин Сейсмология институту Кыргыз-кытай чек арасында жер титрөөдөн кийинки силкинүүлөр уланып жатканын билдирген. Акыркы сутка ичинде Кыргызстандын аймагында беш жер титирөө катталды, анын төртөөсүнүн очогу Кытайда жайгашкан. Алардын баары Кыргызстандын айрым калктуу конуштарында да сезилген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18