24.kg
17:36, 29 января 2024, 24.kg

Садыр Жапаров Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну кабыл алды

Photo 320265

Президент Садыр Жапаров Казакстандын премьер-министринин орун басары — тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну кабыл алды.

Тараптар кыргыз-казак көп пландуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн жана тереңдетүүнүн, ошондой эле соода-экономикалык ишмердүүлүктү активдештирүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Келечектүү долбоорлорду ишке ашырууда күч-аракеттерди бириктирүү сунушталды.

Мамлекет башчысы боордош Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда чечилбеген маселелер болбошу керектигин айтты.

Мурат Нуртлеу белгилегендей, Казакстанда дагы боордош өлкөдөгү окуяларга кылдат көз салып, белгиленген реформаларды ишке ашыруу боюнча стратегиялык багытты толугу менен колдошот.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18