24.kg
17:01, 29 января 2024, 24.kg

Талас облусунда милиция кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

УКМК ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте пара алып жаткан жеринен Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкери милициянын сержанты Б.у.Н. кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал системалуу негизде Талас районундагы соода түйүндөрүндө иштеген ыктыярчылардан акча каражаты алып турган.

Photo 320264

Учурда жогорудагы фактыларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК жарандарды укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринин фактылары боюнча 0312-66-04-75 телефонуна аркылуу билдирүүгө чакырат, анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18