24.kg
16:36, 29 января 2024, 24.kg

Кыргызстанга 150дөн ашык норка тумагын мыйзамсыз ташып кирүү фактысы аныкталды

Кыргызстанга Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөдөн баш кийимдерди мыйзамсыз ташып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

«Ош» эл аралык аэропортунун ЕАЭБ өлкөлөрүнөн учуп келүү зонасында жайгашкан товарларды эсепке алуу пунктунан башка өлкөнүн жараны 152 норка тумагын мыйзамсыз импорттоого аракет кылган. Импорттоочуда товарга тийиштүү эч бир коштоочу документтер болгон эмес.

«Жыйынтыгында товар алынып, тиешелүү материалдар мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18