24.kg
15:15, 29 января 2024, 24.kg

Азия Кубогунун жыйынтыгы. Кыргыз футбол союзунун башчысы кызматтан кетти

Кыргыз футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков кызматынан кеткенин билдирди. Бул тууралуу КФСтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Медербек Сыдыков аткаруу комитетинин кезектеги жыйынында Кыргызстандын улуттук курамасынын Азия Кубогундагы өткөргөн оюндарынын жалпы жыйынтыгы тууралуу маалымат берип, команданын турнирдеги жыйынтыгын эске алып, отставкага кетүү чечимин кабыл алгандыгын билдирди.

Аткаруу комитети дагы бардык курамынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү чечимин кабыл алды.

«Бул чечим ата-мекендик футболду өнүктүрүүнүн жаңы багытын аныктоого, ошондой эле КФСтин жетекчилигинин курамына жаңы адистерди тартуу зарылчылыгы менен негизделди», — деп атйылат маалыматта.

КФСтин президентинин ыйгарым укуктары, учурдагы аткаруу комитетинин курамы сыяктуу эле 19-февралда өтө турган кезексиз конгресске чейин өз күчүндө болот.

Медербек Сыдыков президенттик кызматына 2021-жылдын октябрь айында, ал эми аткаруу комитетинин учурдагы курамы 2022-жылдын апрелинде шайланган.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18