24.kg
15:05, 26 января 2024, 24.kg

КУЭТ карызын төлөгөн абоненттердин туумдарын эсептен чыгаруу акциясын узартты

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» туумду эсептен чыгаруу боюнча «Жаңы жылды карызсыз тосуңуз» акциясын узартты. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Акция 31-январга чейин улантат. Ал калк керектөөчүлөр (турмуш-тиричилик керектөөчүлөрү) жана мамлекеттик бюджеттен каржыланган уюмдар, ошондой эле диний уюмдар үчүн өткөрүлөт.

 Акциянын шарты боюнча керектөөчүлөр электр энергиясына болгон карызды толук төлөшү зарыл.

Февраль айынан тарта карызын төлөгөн абоненттерге туумдар эсептен чыгарылып, жаңы эсептөөлөр туумсуз жазылат. Карызы сот органдарында каралып жаткан же соттун чечими бар абоненттер акцияга катыша албайт.

Абоненттер балансты «Мой свет» тиркемесинен жана компаниянын сайтындагы «абоненттин балансы» бөлүмүнөн таба алышат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18